www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТОРЕПОРТАЖ - Легендага айланган Садыр Жапаров

Кызгалдак Жакыпова 06-декабрь 2018, 13:17

Саясат


ФОТОРЕПОРТАЖ - Легендага айланган Садыр Жапаров

Бүгүн, “Достук” мейманканасында күнөөсү далилденбесе да 11 жыл алты айга камакка алынган, “Кумтөрдөгү” ачуу чындыкты элге жеткирип, бийликтин колкосуна сөөк болуп тыгылган, көп жаштардын идеалына айланган Садыр Жапаровдун 50 жашынын урматына “Садыр жана чындык” деген китептин бет ачаары болуп жатат.

Бет ачаарга келген замандаштары Садырдын эр жүрөк, ак ниет адам экенин, мекен десе, ичкен ашын жерге койгон азамат экенине жана кандай азап тартса да сынбаган эркине, жок жерден азап тартса да, беттегенинен кайтпаган көкжалдыгына токтолуп, бири ыр окуса, экинчиси анын артыкчылыгын сөз кылып, легендага айланган элдин уулу Садыр тууралуу ачуу чындыктарды кеп кылышты.

Сөз арасында кеченин коноктору Садыр Жапаровдун саргарып түрмөдө жатканы орунсуз бул бийлик Жапаровго адилет мамиле кылат деген пикирин айтышты.

Белгилей кетсек, мурдагы депутат Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 50 жашка толду. Үй-бүлөөлүү.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83