www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбек актёру Улугбек Калдаров: "Кызыл жоолук жалжалым" повестин окуп, өзүм ушул чыгармада роль жаратып каларымды билген эмесмин"

Жазгүл Урманбетова 06-декабрь 2018, 13:22

Маданият


Өзбек актёру Улугбек Калдаров: "Кызыл жоолук жалжалым" повестин окуп, өзүм ушул чыгармада роль жаратып каларымды билген эмесмин"

Өзбек актёру Улугбек Кадыров "Делбирим" тасмасында Даниярдын образын жараткысы келген. Актёр мындай билдирүүнү ушул жумада өткөн пресс жыйында айтты.

"Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартылган тасмада Байтемирдин ролун аткарып жатканыма кубанычтамын. Мен өзбек элинин атынан сиздерди да куттуктайм. "Делбирим" тасмасынын Ташкент шаарында болгон бет ачарына ден соолугума байланыштуу бара албай калгам. Эми тасманы Бишкек шаарынан көрөм",деди ал.

Ошондой эле "сизге дагы кыргыз киносуна тартылуу боюнча сунуштар түшүп жатабы?"деген суроого "Жок, азырынча сунуштар боло элек" деп актёр жооп берди.

Себеби "Делбирим" тасмасы Кыргыз жергесинде 5-декабрьда көрсөтүлөт.

Мен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын институтта окуп жүргөндө агайымдын сунушу менен окуп калдым. Мага "Жамийла" повести абдан жаккан. Аны ушунчалык эргүү менен окугандыктан жыл бою ошол повест тууралуу ойлонуп, бир башкача дүйнөдө жүргөм. Ошондой эле "Кызыл жоолук жалжалым" повестин да окуп, өзүм ушул чыгармада роль жаратып каларымды билген эмесмин", - деди Улугбек Кадыров.

Булак: NazarNews.kg
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83