www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамкул Жунусов кулкунунун айынан куурамай болдубу?

Кызгалдак Жакыпова 06-декабрь 2018, 13:31

Саясат


Адамкул Жунусов кулкунунун айынан куурамай болдубу?

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов алыскы Азербайжандан кылтакка илинди. Эсиңерде болсо, тээ ала жайда бул эргул өзүнө таандык катар-катар дүнүйө-мүлкүнүн баарысын арзанына карабай шашылыш сатып жатканын, андыктан күч органдарыбыз кылтакка илип калуусун жазганбыз.

Жыйынтыгы биз айткандай төп келип, экс-бажычы бар дүйнөсүн сатып алып чет өлкөгө баса берген соң түштөн кийин биздикилер айкырып-кыйкырып, «жок издедик» болуп калышкан. Биздин күч органдарыбыздын кашаңдыгынын кесепетинен эл аралык Интерпол 5 ай убара тартып, акыры жемкорлукка шектүү жараныбызды кылтакка илип беришти.

Эми бийлик Интерполдун мээнетин актап, тергөөнү адилеттүү жүргүзүү менен экс-бажычынын жеп-ичкенин тастыктап, казынага төктүрсө болду.

Болбосо мындайларың абийирсиз сотторубуздун «тамагын майлап» чыга бериши текейден арзан иш болуп калды го?

Булак: "Азия ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83