www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киши колдуу болгон журналисттин өлүмүнө Эр-Рияддык мураскер ханзааданын тиешеси бар

Жазгүл Урманбетова 06-декабрь 2018, 13:44

Саясат


Киши колдуу болгон журналисттин өлүмүнө Эр-Рияддык мураскер ханзааданын тиешеси бар

Түркиянын соту "журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө тиешеси бар" деген негизде Саудиянын эки жаранын камакка алууга ордер берди. Ага улай түрк тышкы иштер министри Эр-Риядды иликтөөнүн жүрүшү тууралуу ачык маалымат берүүгө чакырды.

Саудиялык журналист киши колдуу болгондон бери эки ай өтсө да, иликтөө уланып жатат. Маркум журналисттин сөөгү кайда экени ушул күнгө чейин белгисиз.

Түркиянын соту “Хашогжинин көзүн тазалоо операциясын пландоого аралашкан" деген жүйө менен Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасынын мурдагы эки жардамчысын камакка алууга ордер бергени белгилүү болду.

Ханзаада Мухаммед бин Салмандын мурдагы кеңешчиси Сауд Ал-Кантани менен башкы чалгынчынын мурдагы орун басары Ахмед ал-Ассирини камакка алуу тууралуу прокурорлордун өтүнүчү канааттандырылганын Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик маалымат агенттиги шаршемби күнү билдирди.

Аны улай түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Брюсселде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, расмий Эр-Риядды өз иликтөөсүнүн жүрүшү тууралуу дүйнө коомчулугуна ачык маалымат берүүгө үндөдү:

- Азыркыга чейин биз сабырдуулук менен Сауд Арабиясынан иликтөөлөр тууралуу маалымат сурап келебиз. Тилекке каршы, эч кандай жооп алган жокпуз. Сауд Арабиясы дайыма бизден маалымат сурап турат. Бул алардын укугу. Биз дайыма маалыматыбыз менен бөлүшөбүз. Бирок Сауд Арабиясы биз менен жана эл аралык коомчулук менен ачык-айкын болушу керек. Алар эмне тапса, ошону бөлүшүүсү керек. Анын ордуна биз карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү көрүп жатабыз.

Анын алдында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет да саудиялык журналисттин өлүмү боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүлүшү керектигин Женевадагы маалымат жыйынында айткан.

Эске салсак, 59 жаштагы саудиялык журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келгенде өлтүрүлгөнү ырасталган. Ал 2017-жылдан бери АКШда жашап, өзгөчө Саудиянын мураскер ханзаадасын сындап келген - деп жазат Азаттык.

Ошентсе да "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей,  сенаторы Роберт Кокер менен Линдси Грэм ханзааданын буга тиешеси бар экендигин жабык эшик артындагы брифингде айтып чыгышты. Кокер журналистти ханзаада өлтүрүүгө жана аны көзөмөлдөгөө буйрук берген деп эсептейт.  Мындай маалыматка так болгон Крокер менен өкүм чыгаруучуларга 30 минут гана талап кылынган.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83