Кызгалдак Жакыпова 06-декабрь 2018, 15:41
Орусиянын Волгоград облусундагы мал сарайлардын биринде иштеген Өзбекстандын жараны тажикстандык кесиптешин мууздап, башын мешке жагып жиберген. Бул тууралуу «НовостиВолгограда.ру» басылмасы жазды.
«Жумуш маалында өз ара айтышкандан кийин алар уй сарайга барышкан. Анда 36 жаштагы өзбек жараны 51 жаштагы тажикстандыкка бычак сайган. Андан соң кылмыштын изин жашыруу үчүн аны мууздап, башын мешке жагып жиберген. Сөөгүн болсо сарайдын артындагы чөптүн арасына катып койгон», – деп жазды басылма.
Кечке жакын ал бул окуя жөнүндө чогу иштеген жумушчулардын бирине билдирип, анын эч кимге айтпоосун өтүнгөн. Бирок берки окуя тууралуу дароо мал сарайдын ээсине жана укук коргоо органдарына кабарлаган.
«Шектүү кечээ кечинде кармалды. Анын психикалык саламаттыгы боюнча шектенүүлөр бар. Анткени ал мындай аракетин маркум аны кечке тиктеп, бул анын кыжырын келтиргендиги менен түшүндүрүүдө», — деп билдирди Тергөө комитетинин Волгоград облустук бөлүмүнүн жетекчиси Евгений Выстропов.
Булак: "centralasian"
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!