www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто маанилүү делген кызматка спортко тиешеси жок адамдар келсе болбойбу?

Кызгалдак Жакыпова 06-декабрь 2018, 17:33

Саясат


Ошто маанилүү делген кызматка спортко тиешеси жок адамдар келсе болбойбу?

Президенттик шайлоодо шайлоо участкасына баш багып, сүрөткө тартып жаткан журналисттерди ур-тепкиге алып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, “жерге көөмп салам” деген “Кличко” деген каймана атка ээ болгон Нурбек Исмаилов Ош тазалык ишканасына үч айлык мөөнөт менен жетекчилик кызматка бекиди.

Аталган мамлекеттик кызмат эрежесиз эр уруш менен машыккан адамга берилгени чоң талкууга жем таштады. Бири Оштун мэри мушташтан атагы чыккан адамга кантип ал кызматты ыйгарды десе, экинчиси анын жоопкерчилиги мэр менен шаардык кеңештин депутаттарында экенин айтышат.

Нурбек Исмаилов болсо түшкөн сунушту кабыл алып, аталган тармакты көтөрүүгө бел байлаганын айтат.

Бирок, бары жокко баам салып турган эксперттер Ош жана Бишкек шаарларындагы тазалык ишканалары маанилүү муниципалдык кызмат экенин, жоопкерчилиги да жетиштүү экенин, тендер аркылуу техникалык каражаттарды бат-бат сатылып алынаарын айта башташты.

Жогору жак реакция кылабы же жокпу күтө туралы..

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83