www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нариман Түлеев: "№47 түрмөдө мендей салмактуу адам отургандыктан ал түрмө көп нерседен утту"

Кызгалдак Жакыпова 06-декабрь 2018, 22:59

Саясат


Нариман Түлеев: "№47 түрмөдө мендей салмактуу адам отургандыктан ал түрмө көп нерседен утту"

Нариман Түлеев өзүнүн "Секреты власти" деген берүүгө берген маегинде саясий туткундарды колдон келишинче колдоп тураарын айткан.

Ал ошол эле учурда 4 жыл түрмөдө өткөн өмүрү жөнүндө кененирээк айтып берди. Түлеевдин айтуусу боюнча абак артында чындык жашайт, эркиндикте жүргөндө көпчүлүгү бири-бирин алдап, эки жүздүүлөнүп бирин-бири сатып кетишсе абак артында ал нерсе такыр жок. Туура эмес бир кадам басып койсоң түрмөнүн мыйзамы менен сени элдер жоопко тартып бурчка тургузуп койгонго чейин барат.

Мындан сырткары Түлеев №47 калония мендей аткаминер менен көп нерседен утту деген.

Анткени мен ал жерде эл менен бирге болдум. Мен ал жакта эркин басчумун. Ал жактан да эл үчүн деп оңдоп түзөө иштерин жүргүздүм. Жолугушуу үчүн бөлмөнү, футбол ойночу аянтты жана башка көп нерселерин оңдотуп түзөтүп жакшы шарттарды түзүп бергем. Ошол нерселердин баарын эркиндикте жүргөн биздин аткаминерлер деле кылып берсе жарашмак.

Учурда мындан сырткары мен түрмөдө жаткан саясий туткундарга колдон келишинче жардам кылып тамак аштарын, керек болгон нерселерин берип колдоо көрсөтүп турам деген Түлеев саясий туткундардын кимисин колдоорун ачык айткан эмес.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83