www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Cасык тумоодон адам каза болду

Жазгүл Урманбетова 12-декабрь 2018, 16:23

Ден-соолук


Cасык тумоодон адам каза болду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда сасык тумоо оорусу күчөп кетип, 26 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Тоң райондук аймактык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1992-жылы туулган А.У. ушул жылдын 27-ноябрында Тоң районунун ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ага эки тараптуу пневмония (өпкөнүн сезгенип ооруганы), дем алуу системасынын жабыркашы, кычкылтектин жетишсиздиги (гипоксия) диагнозу коюлган. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, бейтап 29-ноябрда көз жумган.

Айрым маалыматтарга караганда, анын оорусу өрчүшүп кетип, эч жакка кайрылбай үйүндө жүрө берген. Анын кесепетинен эс-учун жоготуп, оор абалда ооруканага түшкөн. Каза болгон жигит бир ай мурун үй-бүлө курган, - деп жазат Турмуш.
Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83