www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Cаламаттык сактоо "сатып алуулардан" акча табабы?

Жазгүл Урманбетова 18-декабрь 2018, 18:57

Ден-соолук


Cаламаттык сактоо "сатып алуулардан" акча табабы?

КРнын Башкы прокуратурасы Саламаттыкты сактоо министрлигине карата “Мамлекеттик сатып алууларда” мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу күч органдарынын координациялык жыйынында КРнын Башкы прокуратуранын өкүлү Гульнура Акимбаева билдирди. Маалыматка ылайык, кылмыш иши “Кызматтык ордунан кыянаттык менен колдонгон”, “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөбөгөн келишим түзгөндүгү” боюнча козголуп УКМК өткөрүлүп берилди.

“2014-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги бөйрөгү ооруп, гемодиализ алган балдарга жардам берүү максатында конкурс жарыялап, 5 миллион 500 миң 133 АКШ долларга келиши түзүлгөн. Кийинчерээк тендер жок эле 813 миң 744 АКШ долларына дагы бир келишим түзүлгөн. Министрлик 1 доллардын курсу 75 сомдон сатып алган, курс болсо ал учурда 58 сомду түзүп турган. Жыйынтыгында чыгым 75 миллион 972 миң 966 сомду түзгөн”- дейт Гульнура Акимбаева.

Министрликтердин былыгы биринин артынан бири чыгып жатат. Бир дагы министрлик элдин камын ойлобой, өзүлөрүнүн камын гана ойлоп иштешээрине 100пайызга ишенип эле калдык.

Урматтуу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери мамлекеттен “ооруп жаткан адамдарга” болгондо да гемодиализ менен ооругандардын акчасын бөлдүрүп алып, ал акчага кантип кол салдыңар? Ал деген жол салууга бөлүнгөн акча эмес да, ал деген жардамга муктаж, кыйналып жаткан адамдардын акчасы да! Жок дегенде оорулуулардын акчасын талашпай койсок болот эле да. Бул жегичтерге каргыш деле тийбейт экен.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83