www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөбүздө экинчи ирет адамдын бөйрөгү алмаштырылды

Жазгүл Урманбетова 24-декабрь 2018, 15:19

Ден-соолук


Өлкөбүздө экинчи ирет адамдын бөйрөгү алмаштырылды

Эне-баланы коргоонун улуттук борборунда ноябрь айында бөйрөк алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү ишке ашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

- Мындан үч жума мурда биз бөйрөгүн алмаштырган дагы бир бейтап үйүнө жакшы болуп чыкты. Ага ноябрь айында операция жасаганбыз. Азыр ал иммуносупрестордук дарыларды ичүүдө. Кыргызстанда мындай дарыларды алып келүү маселеси да акырындап чечиле баштады, - деди Узакбаев.

2018-жылдын май айында да аталган борбордо 26 жаштагы адамдын бөйрөгү ийгиликтүү алмаштырылган.

Азыркы тапта Кыргызстан бөйрөк кемтигинен жабыркагандардын көйгөйү гемодиализ жабдуусуна байланышкан. Алардын саны миңден ашык. Өлкөдө трансплантация ишке ашпагандыктан бейтаптар 30-40 миң доллар топтоп, Түркия сыяктуу өлкөлөргө барууга мажбур болушууда. Ал эми Кыргызстандын шартында жасалган бул эки трансплантациянын жалпы баасы 5 миң доллардын тегерегинде болду. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83