www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гинеколог кардарга: "Мен Кудай эмесмин да!"

Жазгүл Урманбетова 24-декабрь 2018, 15:51

Ден-соолук


Гинеколог кардарга: "Мен Кудай эмесмин да!"

Бишкектеги ооруканалардын биринде уул төрөп алайын деп календардык саноого келген айым гинекологго кайрылат. Дарыгер кардарга эмне кылуу керектигин айтып, санап берип жиберет.

Арадан убакыт өткөндөн баягы эркек төрөйм деп жүргөн келин "кыз"төрөп калып, баягы дарыгерге келип, "Сиз эркек болот деп убада бербедиңиз беле? Эмнеге кыз болуп калды, эми кызды өзүңүз алыңыз" - дейт. Гинеколог эже эмне кылаарын билбей маң болуп калат. Кичине өзүнө келгенден кийин:

"Мен силерге Кудай эмесмин да. Мен санаган туура эмес чыгып калса, мен күнөөлүү эмесмин! Алып кет кызыңды" - деген экен.

Арадан дагы бир топ убакыт өткөндөн кийин, баягы келин келип, кызын дарыгерге көрсөтүп, дагы 2 уулдуу болгонун айтып, андан кечирим сураптыр. Учурда атын атагысы келбеген гинеколог Бишкектин поликлиникалардын биринде иштейт. Азыр ал кыз, уул болот деп айтып бербей калган, себеби дагы ушундай болот деп ал коркуп калгандыгын айтат.

Ошондуктан, кыз болобу же уул болобу бул Кудайдын бергени да. ага бир гана Кудай жооп берет демекчибиз.

Жазгул Урмамбетова, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83