www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абаддын мэри окуучуларды сыйлады

Майрамбек Каримов 28-декабрь 2018, 15:33

Саясат


Жалал-Абаддын мэри окуучуларды сыйлады

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде мыкты окуган жана коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан мектеп окуучуларына Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев  Ардак грамоталарды, Алкыш баракчаларын жана белек катары китептерди тапшырды.Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар мэриясына бардык мектептерден жалпысынан 40тан ашуун окуучулар мэрдин кабыл алуусунда болушту. Калаа башчысы жергиликтүү бийликтер келечек муундарына колдон келген мүмкүнчүлүктү берээрин айтып, аларга активдүү болушун, окууларында көп ийгиликтерди багындырышын каалады. Ошондой эле шаар мэри тарабынан жардам керек болсо, колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал эми сыйлык алган окуучулар шаар мэрине ыраазылык билдиришип, мындан ары да окуунун алдыңкыларынан болууга аракет кылышаарын айтышты. Калаа башчысы тапшырган сыйлыктар жана белектер аларга чоң стимул болорун белгилешти. 

Белгилей кетсек, шаар мэри алдыңкы  окуучуларды кабыл алып, сыйлоо үчүн өзүнүн резервдик фондунан 21 миң 800 сом каражат бөлүп берген.Ал эми шаарда 20 жалпы билим берүүчү мектептер бар.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83