www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэриядагылардын былыгы чыкты

Айдар Нуралиев 29-декабрь 2018, 15:29

Саясат


Мэриядагылардын былыгы чыкты

Жаңы шайланган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов быйылкы жылы мамлекет үчүн жакшы иш кылды, бирок Мэрияда иштеген көпөстөр үчүн туура эмес иш кылганы ачыкка чыкты.

Анткени ар жылы жаңы жылда борбордук аянтка кеткен акча быйыл ого эле көп суммага сарамжалдап жасалганы, мурда жеп-ичип жүргөндөрдүн чөнтөгүнө зыян алып келди.

Буга чейин мэрияда иштегендер жаңы жылда үндүктүн этин жешсе, быйыл тооктун этин жемей болуп, үй-бүлөсү менен ичтеринен сызып турган кездери.

Эх, мамлекетти ойлогон бирөө жарым бар экенин Азиз мырза, өзүнүн чечкиндүү кадамынан улам билгизип койду. Ылайым өздү эмес, өлкөнү ойлогондордун саны арбысын деп, Азиз мырзага ыраазычылык айтып, буга да шүгүр кылалычы. Болбосо ичип-жегендерди уга берип кулак дагы жагымсыз кабарды кабыл албай калды.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83