www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 31-декабрь 2018, 16:36

Саясат


Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Кыргызстан менен болгон союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү Россияда жогору баалашат. Биргелешкен аракеттер менен биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн, регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөнүн кызыкчылыгында эки тараптуу байланыштардын бүтүндөй комплексин мындан ары карай өстүрүүнү камсыз кылып, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенишүүнү бекемдей алабыз деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын достук мамиледеги элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83