www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майып балдардын ата-энелерине 4900 сомдон төлөнө баштайт

Майрамбек Каримов 04-январь 2019, 11:31

Саясат


Майып балдардын ата-энелерине 4900 сомдон төлөнө баштайт

Майып балдарын баккан ата-энелерге 2019-жылдын 1-январынан баштап 4900 сомдон төлөнө баштайт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабарлады.

- 1-январдан тартып бул ата-энелерге беш миң сомго жакын суммадагы айлык төлөнө башталат. Кийин биринчи топтогу чоң майыптарды караган адамдарга да биз келечекте мүмкүнчүлүккө жараша акча төлөөнү караштырып атабыз, - деди ал. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 420 миллион сом каралган.

Маалыматка ылайык, майып баласын баккан ата-эненин эмгеги мамлекет тарабынан расмий таанылып, кийин пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон.

Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83