www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Митинг: 300дөй адам мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттардын каршы чыгышты

Жазгүл Урманбетова 07-январь 2019, 16:24

Миграция


Митинг: 300дөй адам мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттардын каршы чыгышты

Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылып митингге чыкты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышууда.

Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен.

Өткөн жылдын декабрь айында "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынчтык митингин өткөрүп, Кытайдын Шиңжан аймагындагы тарбиялоочу лагерлерде отурган кыргыздардын абалына тынчсыздануусун ортого салган.

Буга чейин "WhatsUpp" аркылуу 7-январда Кыргызстандагы кытайлардын маселесине арналган митинг өтө тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр тарап келген. Бирок "Кыргыз чоролору" аталган митингге тиешеси жок экенин билдирген.

Бүгүн, 7-январь иш күнү болбогонуна байланыштуу кийинки митинг 17-январга белгиленди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83