www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент: "2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялайм"

Жазгүл Урманбетова 09-январь 2019, 12:18

Саясат


Президент: "2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялайм"

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Президент 2018-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганын жана негизги иш-аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, айыл жеринде ишкерликти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт, кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет.

2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат.

Ал белгилегендей, кийинки жылдары өлкөнүн бардык региондорунда, бүткүл өлкөнүн масштабында жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине жаңы дем берүү керек.

«Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», — деп белгиледи Президент.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83