www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уюлдук операторлор түйүндөн тышкары сүйлөшүүнү жаңы жылдан баштап 14 пайызга же 50 тыйынга арзандатты

Жазгүл Урманбетова 09-январь 2019, 12:32

Коом


Уюлдук операторлор түйүндөн тышкары сүйлөшүүнү жаңы жылдан баштап 14 пайызга же 50 тыйынга арзандатты

Кыргызстанда уюктук операторлор түйүндөн тышкары сүйлөшүүнү 1-январдан баштап 14 пайызга же 50 тыйынга арзандатты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров билдирди.

- Бизде негизги “MegaCom”, “Beeline” жана “О” операторлору бар. Бир уюктук оператордон экинчи операторго чалуунун тарифтери өтө кымбат экенин аныктадык. Биз “Атаандаштык жөнүндө” мыйзам бузулганын далилдеп туруп, аларга бааларды төмөндөтүү боюнча көрсөтмө бергенбиз. Үч мобилдик оператор жаңы жылга чейин өз ара кеңешип, келишим түзүп, аны бизге беришти. Ошонун негизинде алар бааны 1-январдан тартып арзандатты, деди Сабиров.

Анын маалыматына караганда өлкөдөгү үч оператор жарым жыл сайын түйүндөн тышкары сүйлөшүүнү 50 тыйындан төмөндөтүп турат. Экинчи жолку арзандатуу ушул жылдын 1-июлунда болот. Ушинтип отуруп эки сомго чейин арзандатуу каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83