www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДПнын өкүлү: "Атамбаевдин чет өлкөгө чыгууга укугу бар"

Жазгүл Урманбетова 09-январь 2019, 15:58

Саясат


КСДПнын өкүлү: "Атамбаевдин чет өлкөгө чыгууга укугу бар"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга эс алууга барат. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын  берген маалыматы боюнча Атамбаев партиялык иштерден улам кыска мөөнөткө эс алууга барып келүүнү чечкен.

- Алмазбек Шаршенович 11-январда Индияга жол тартып жатат, - деди ал. - Азыр ал мамлекеттик кызматта эмес. Анын башка өлкөгө чыгууга укугу бар. Бул жерден эч кандай саясат издөөнүн кереги жок. Ал 21-январда кайра өлкөгө кайтып келет.

Мунун алдында социалдык тармактардын колдонуучулары Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө кеткени жатканын, бирок бийлик аны чек арадан чыгарбай коюшу мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Жолдубаева буга негиз жок экенин айтты. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83