www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сот системасы бизнеске айландыбы?

Майрамбек Каримов 09-январь 2019, 19:41

Саясат


Сот системасы бизнеске айландыбы?

Сот системасына ыраазы болгон деле бир жан жоктой. Анткени акчага көз каранды болуп, сот тармагы адилеттиктен тайганына ого эле көп убакыт болду, муну жашырсак капка шибеге каткандай эле болобуз.

Алсак мындан бир жыл илгери, ой, дагы бир жыл жаңырып кеткенин эске алсак эки жылдан бери чубактын кунудай чоюлган “Дриганос” компаниясына козголгон кылмыш иши али күнчө аягына чыга албай келет. Бул эми акчаны “ап” эткизип алгандын белгиси экенин ким тана алат. Алсак 3 аял, 1 эркек баш болгон бул компания элди алдап акча жасагандары аз келгенсип, алган акчаларын карандай танып, кутулуп кетүүнүн амалын кылып жатканына эмне себеп, албетте сот тармагындагы жем корлор убакытты созуп, унуткаруунун амалын кылып жатканы деп айтсак аша чаппайбыз.

Бул эми, эл ишенген сот тармагы калыстыкка эмес, бизнеске айлангандан белги берип жатканына турмуш өзү күбө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83