www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Белизгейттен" "жашыруун" деген грифти алып салуу боюнча комиссия түзүлүш керек

Жазгүл Урманбетова 10-январь 2019, 09:50

Саясат


“Белизгейттен" "жашыруун" деген грифти алып салуу боюнча комиссия түзүлүш керек

“Белизгейт" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен "жашыруун" деген гриф алына элек. Буга байланыштуу документтер Башкы прокуратурага келип түшө электигин мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватова кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кылмыш ишинен "жашыруун" деген грифти алып салуу боюнча комиссия түзүлүп иштеп жатканын мекеменин басма сөз кызматы 4-декабрда кабарлаган. Анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин материалдар Башкы прокуратурага жиберилиши керек болчу.

Башкы прокуратура саясатчылардын аты аралашкан кылмыш иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен комментарий берүүгө маалымат жетишсиз болуп жатканын билдирген. Ошондуктан андагы “жашыруун” грифин алып салуу сунушталганы айтылган.

Мыйзам боюнча, аталган грифти алып салыш үчүн УКМК комиссия түзүп, чечим кабыл алышы зарыл.

27-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жабык жыйында депутаттар маселе көтөрүп, эки жума ичинде “Белизгейт” ишинин материалдарынан «жашыруун» деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну суранышкан. Депутат Исхак Масалиев "Сегизбаев парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн тез арада жоопко тартылышы керек" деген оюн билдирген.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал сөз болуп жаткан документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83