www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчы Көлбаевге бата берген видео абакта тартылганы анык

Жазгүл Урманбетова 10-январь 2019, 10:03

Саясат


Камчы Көлбаевге бата берген видео абакта тартылганы анык

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат абактардын биринде Жаңы жыл майрамы учурунда фейерверк атып, Кыргызстандагы уюшма кылмыш тобунун анабашы атыккан Камчы Көлбаевдин өмүрүн тилеген видео тууралуу комментарий берди.

Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованынбилдиришинче, видео Чүй облусунда жайгашкан абактардын биринде өткөн жылдарда тартылганы аныкталды.

Интернетке Кыргызстандагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар бири-бирин жаңы жыл менен куттуктап жаткан видео ушул жылдын башында тараган. Анда түрмөдөгүлөр Камчы Көлбаевдин өмүрүн тилеп бата кылганын көрүүгө болот. Соңунда майрамдын урматына фейерверк атылган. Видеодо айрым соттолуучулар мобилдик телефон көтөрүп жүргөнү да көрүнгөн.

Сабатарова бул окуяга байланыштуу убагында абактын жетекчилери иштен алынганын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстан абактарында телефон алып жүрүүгө тыюу салынган. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83