www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев Дача Суу кырсыгы үчүн жооп береби?

Жазгүл Урманбетова 10-январь 2019, 10:23

Саясат


 Алмазбек Атамбаев Дача Суу кырсыгы үчүн жооп береби?

Саналуу күндөрдөн кийин таңкы таттуу уйкусунан ойгоно элек 39 мекендешибиздин өмүрүн жалмап кеткен Дача СУдагы кырсыкка туура эки жыл толот. 2017-жылдын 16-январында «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташып келаткан түркиялык учак кулап, бир топ жаш балдарды жетим калтырткан, бир топ ата-энелерди сыздаткан кайгылуу окуя болгон. 
Ошондо мамлекет башында турган Алмазбек Атамбаев карыш турган жерге бир басып барганга жарабай койду эле. Башка өлкөлөрдө мына ушундай кырсыктар катталса, ал өлкөнүн башчысы ошол замат баардык ишин жыйыштырып жетип барып, кайгыга батып турган элинин башынан сылап, көңүл айтып, дем берерин билет эмеспизби. Ал эми АША андай кыла албады. Тескерисинче, ошол окуя болгондон кийин жумалап үйүнөн чыкпай ичип жатып алганын укканбыз. 
Эмнеге ал мындай кылды эле? Ырасын айтканда, ошондо эле ошол кулаган учактагы жүк А. Атамбаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгону айтылган. Анан дагы андай жүк жүктөгөн учак 52 жолу каттаганы да айтылган. Болжол менен кулаган учактагы жүктүн баасы 250 млн доллар болорун да айткандар болгон. Анын 10%ы эле пайда болгондо, ар бир рейстен 25 млн доллардан пайда калмак. Эми аны 52ге көбөйтсөңүз, 1 миллиард 300 млн долларды чамалап барат. Мына ушунча акча АШАнын чөнтөгүн кампайт болобу? 
Ошентип бир рейстен эле кеминде 25 миллион доллар киреше таап аткан АША үчүн учак кырсыгы катталганы катуу тийсе керек. Ал ал кырсыктан жабыркаган жарандарды эмес, андагы жүктү ойлоп ичи өрттөнүп, жумалап ичип жатканын да баамдоого болот. 
Ошондо эле, «Ата-Мекен» партиясы да бул учактагы жүк А. Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык деп айтып чыккан. Кийин Текебаевдин адвокаттары да маалымат жыйынын өткөрүп, ал учактагы жүктүн АШАга таандык экенин тастыктаган документтерди көрсөтүшкөн. Албетте, ал убакта өзүнө каршы сүйлөгөндөрдүн баарын каматып, куугунтуктап отурган Атамбаевдин бийлиги өкүм сүрүп турган. Андыктан учактагы жүк ызы-чуусу аягына чыкпай калган. 
Андан бери минтип эки жыл убакыт өттү. Эл дагы деле ал сырдуу жүктүн ээси ким экенин билип, анын жазасын алышын күтүп турат. Бул багытта тиешелүү укук коргоо органдары иликтөө жасап атышты болду бекен? - деп жазат Инсайдер.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83