www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кеч боло электе Данияр Абдыкаровду кызматтан четтетпесек, коом тынчыбайт!

Кызгалдак Жакыпова 10-январь 2019, 11:49

Саясат


Кеч боло электе Данияр Абдыкаровду кызматтан четтетпесек, коом тынчыбайт!

ИИМдин мурдагы орун басары Даиияр Абдыкаровго 31 -декабрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунун вице-президенти кызматына орнопггурууга команда бо­луп, буйрук чыгат. Эң кызыгы, Абдыкаров буга чейин министридин орун басары болуп тургаңда уруксаты жок эле чет өлкөгө өзүн-өзү билип, өүгүн төргө илүү менен чыгып кеткен. Ага ИИМдин жоболорун бузганы үчүн кылмыш иши козголушу керек болчу. Тилекке каршы, азыркы эле премьер-министр тарабынан чара колдонулбай, жылуу-жумшак кызматынан алынып калган. Эми болсо шөмтүрөк өкмөт көз жумду мамиле кылып, бул эргулду «майталкандуу» жерге отургузду. Натыйжада, Абдыкаров жумушка чыккан күндөн тарта коомчулуктун катуу сынына кабылууда. Ал буга'чейин ЖМКлар тарабынан ИИМдеги коррупцияга, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча бир катар кылмыштарга айыпталганы жалганбы?

Абдыкаров жүргөн жеринде чуру-чуу жаратып келгени боюнча интернеттеги архивдерден издесеңер бадырая чыгып келет. Башкасын айтпасак да, кечээ эле Канат Исаевге көз боёмо чагым уюштуруу менен камакка алууга материалдарды даярдатканын, иш жүзүндө бүтүндөй Кыргызстанга каралатуу менен камакка алганын мойнуна алабы?.. Дал ушундай коом астында шектүү немени «Манас» эл аралык аэропортунун жооптуу кызматына дайындоону кандай түшүнөбүз? Ансыз да бийликтин кадр саясаты сазга батып, сын-пикир кенен айтылып аткан чакта Абдыкаровдой «азаматтар» четтей турса болмок да, туурабы? «Болор иш болду, боёосу канды» деп отуруп калсак, Акүйдүн кадыры мындан ары да төгүлө берет. Эмесе, кеч боло электе эсибизге келип, Даниярды кызматтан четтетүүнү коомчулуктун талабы катары түшүнөлү.

Булак: "Азия Ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83