www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Терек-Сай алтын кенинде айдоочу окко учту

Кызгалдак Жакыпова 10-январь 2019, 12:22

Коом


Терек-Сай алтын кенинде айдоочу окко учту

Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен "Чаарат Заав" фирмасына техника алып бара жаткан 25 жаштагы айдоочу окко учуп каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” фирмага техника жеткирүүчү жалданма компаниянын атын атагысы келбеген өкүлү билдирди.

Окуя 10-январга караган түнү саат 2лер чамасында Терек-Сай айылында болду.

- Кенге эки техниканы башкарып бараткан эки айдоочу менен эки шеригин жолдо белгисиз адамдар тороп, акча доолашкан. Бул маалыматты бизге ошол замат айдоочулар телефон аркылуу билдиришкен. Жол торогондор менен сүйлөшүп, алар жолун улаган. Кийин 8 чакырымдан соң артынан кууп барып, айдоочуну атып салышкан. Ал ооруканага жетпей жолдо каза болуп калды. Окуяга байланыштуу 4 жергиликтүү тургун кармалган, - деди компаниянын өкүлү.

Сөөк Ала-Бука районуна жеткирилген. Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, учурда каза болгон адамдын денеси өлүкканада сакталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Айдоочу атылып өлтүрүлгөнүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ырастап, окуя такталып жатканын билдирди.

Чаткалдагы Терек-Сайдагы кендин айланасындагы буга чейинки чырга байланыштуу 15 адам кармалып, 13 үй камагына чыккан. Кылмыш иши козголгон, иликтөө иштери уланууда. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83