www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азиза: "Ата-энем бай болсо да түрктөргө денемди сатып иштейм"

Кызгалдак Жакыпова 10-январь 2019, 13:12

Коом


Азиза: "Ата-энем бай болсо да түрктөргө денемди сатып иштейм"

Эч ким ойлобойт, Азизаны “бузулган жолдо жүрөт” деп. Бир караган кишиге көзгө илингендей чырайы бар, сулуу көрүнгөн Азиза учурда түрк улутундагы камаз айдаган, атасынан улуу кишилерге денесин сатып жүргөнүн жан адам ойго албайт.
Өткөндө Бишкек шаарынын күн батыш тарабындагы Новопавловка айылынан жаш кыз кол көтөрүп калды. Учурда баардык эле машинасы бар адамдар кол көтөргөндөрдү жеткирип калбадыбы. Мен дагы тиги кызга токтоп, кайда барасың? - деп, сурасам. Ал кыз сылык үнү менен:

- Ош базарына жеткирип коюңузчу - деди. Жаш кыздын талабына макул болуп машинаны ордунан жылдырганда эле анын чөнтөк телефону шыңгырап калды. Ал кыз мени эч оюна албай эле “мен азыр эле жайыттан чыктым, азыр барып калам” деп телефонго жооп берип калды. Сөз кезеги келгенде сурасам. “Жайыт” дегени, алиги түрк улутундагылардын машинасын токтоткон жери экен. Кыскасы кыздар болбогон акчага түрктөргө өздөрү барып, денесин сатып жан багып, ошол иштерине корстон болгондору мени абдан капа кылды. Баарынан дагы Азиза айтып жатпайбы “өткөн жылы туулган күнүмдө атам мага машина сатып алып, белекке берген” деп. Азиза атасынын жок дегенде ошол эмгегин баалап, денесин сатпай эле оокат кылса болот эле го. Мен сөз кезеги келтирип:

- Анан машинаң кайда ?-деп суроо узатып калдым. Азиза эч нерсе болбогондой:
- Курбу кызым сураганынан рулду берип койсом, жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. Дагы жакшы аман калганыбыз. Көрсө курбу кызым пиво ичип алып, кызуулукка алдырып коюптур. Аны атам миң долларга оңдотуп туруп сатып жиберген деп, эч нерсе болбогондой жооп берди. Мына акчанын көптүгү жана кыздын жеңил жолго түшкөнү. Биз Кызыл - Аскердин аялдамасына келген кезде дагы суроо узаттым:

- Анан түрктөр силерди алдап кетпейби?- деп.

- Жок алар алдабайт. Чынын айтканда алар кыз дегенде баарына кайыл болушат экен.

Керек болсо алар өтө ыплас ишке да барышат. Бир жаман жери алардын уят ишке ашыкча берилгени эле жанды кыйнап жиберет. Бирок ошого жараша акчаны дагы жакшы төлөшөт деп, чылымын сорду.

Эх, жашоо, бул кыз дагы учуру келгенде бирөөнө турмушка чыгып, аял болушу толук мүмкүн. Бирок “көнгөн адат калабы” демекчи, бул адатын калтыра алат болду бекен? - деген суроого жооп издеп, келчү жерге кантип келгенимди билбей калдым. Жаш кыз мага ачылып жакшы эле сүйлөп берди, анын кээ бир айткан сөздөрүн жазганды эп көрбөдүм. Анын жоругу жолдо калсын. Ылайым ал жоругу өз башы менен кетсин дагы, башка кыздарды анын жолун баспасын деп тилеп, жолума түштүм.

Ооба, балким Азизанын атасы кызы денесин сатып жан багып жүргөнүн билбесе керек. Билсе ал кандай абалда калат? Элестетип көрөлүчү, кайдагы атам тааныбаган түрктүн алдында кыргыз кыздын тебеленип жатканын. Эгер Азиза жакыр жашаган жердин кызы болсо анда ага түшүнсөк болот эле. Атасы машина белек кылып жаткан соң, бардар жердин эле кызы экенин жашырып болбойт. Бул аты жаман сойкулук көрсө, бай-кедейге деле карабаган нерсе турбайбы деген чукул ойду пайда кылды. Мына замандаш, мен бул окуяны башка кыздарга жана ата-энелерге сабак болсун үчүн гана кагаз бетине түшүрдүм. Ылайым кыргыз кыздары болбогон акча үчүн сатылбагылачы деп сөзгө чекит коюну эп көрдүм.

Бердикожо мырза

Булак: NazarNews.kg
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83