www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурбек Мурашевдин башынан кара булут айланды

Кызгалдак Жакыпова 10-январь 2019, 13:35

Саясат


Нурбек Мурашевдин башынан кара булут айланды

Айыл чарба министри кезинде дарыгерди сабап, чоң муштум депутат атыккан Нурбек Мурашевдин башына кара булут айланды. Коомчулукта аны мактагандар эмес,  ишин  сындагандар көбөйдү. Дыйкандар жылдагыдан картөшкө арзан болуп жатканын, аны  өткүзө албай убара болуп, мээнети кайтпаганын айтып нааразы болушууда. Мурашев болсо картөшкөнү көп эктирип алып, унчукпай басып жүрөт.  Дасыккан адистер болсо, анын бул абалын иш билги адис болбогону менен байланыштырышууда. Ошон үчүн Айыл чарба министринин ишин жөндөй албай жатат дешүүдө.

Өкмөт жакында бул министрге чара көрбөсө, анын кесепети  өкмөт менен президентке тийиши толук мүмкүн. Себеби, Нурбек Мурашев аталган кызматка Сооронбай Жээнбеков премьер министрлик кызматка бекигенде  келген. Таңгалыштуусу ишинен жарытылуу жыйынтык чыгара албаса да, бир эмес үч жолу өкмөттүн  алмашканына карабай солк этпей отурат. Бир болчулар болсо, күнөөнү ишин илгерилете албаган партиялашынан эмес, системадан көрүшөт. Баарынан кызыгы, өкмөт башчысын эскертүүсүн алса да, эгерде жетекчилик «ишти жакшы жүргүзө албайт» деген чечимге келсе, кызматтан кетүүгө даяр экенин айтса да аталган кызматта иштеп жатат.

Өкмөт тез арада элдин маселесин чече албаган же ишин жөндөй албаган министрлерден арылбаса, элдин ишениминен чыгып калышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83