www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урмат Акунов, активист: "Бүгүнкү күнгө чейин Дача Судагы жабыркагандар жана биздин үй-бүлө акыйкаттыкты, чындыкты күтүп келебиз"

Жазгүл Урманбетова 10-январь 2019, 14:53

Саясат


Урмат Акунов, активист: "Бүгүнкү күнгө чейин Дача Судагы жабыркагандар жана биздин үй-бүлө акыйкаттыкты, чындыкты күтүп келебиз"

Алмазбек Атамбаев акты кара кылып, караны ак кылып, бурмалап, адам укуктарын тебелеп, акыйкат чындыкты чыркыратып тебелеп, эл үнүн укпастан, элирип, өзүм билемдигин жогору коюп келген.

Дүйнөгө аты таанылган аэропорт "Манастын" жанына Дача Су конушуна ээси жок самолет кулап, бүгүнкү күндө канчалаган балдар ата-энелер айрылып, эч нерсени көрбөгөн балдар уйкудан ойгонбостон, оо дүйнөгө сапар алганы,  Атамбаев мамлекет башчысы катары, элдин атасы катары көңүл айткан жок же ошол ишти акыйкат териштирүүгө бир дагы көңүл бурган жок. Буга далил катары, 2007-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турганда, Болот Ногойбаев ИИМдин башчысы болуп турганда, ошондогу президент Курманбек Бакиевге жагалдануу ирээтинде, жан тартып Ала-Тоо аянтындагы элди "ит менен талатып", "кыргыздын боз үйдүн түндүгүн жыгып", атам Бектемир Акуновду милиция абагына каматтырып, кыйноо менен өлтүртүп, акыйкатты ошол маалды эле бурмалап, кийин 2017-жылдын башында Бириккен Улуттар Уюмунан акыйкат чындыкты далилдеп келип, бийлик күнөөлүү экендигин далилдеп, далилденген БУУнун соттук чечимин чындыкты тебелеп, Урмат Акунов менен соттошконго Кыргыз Өкмөтүнөн бир да юрист калган жок беле деп чечим менен өзүнүн кол астындагыларды бетке чапкылап келген. Бүгүнкү күнгө чейин Дача Судагы жабыркагандар жана биздин үй-бүлө акыйкаттыкты, чындыкты күтүп келебиз. Бүгүн Атамбаев жана анын командасы элди тымызын козутуп, азыркы бийликти акыйкат чындык болбой жатат. Саясий куугунтуктар күч алды. Кытайлар бизди басып кетти деген ураанды бетине кармап, элди коозутуп келишет. Муну мамлекет тыкыр иликтеп, Дача Су жана атамдын өлүмүн жана Кытайлар боюнча күчтөрдү иликтеп чыгыш керек. Буга чейин мыйзамсыз өлкөгө кирген кытайлар боюнча жана ошолорго жол ачкан ар бир тийиштүү аткаминерди мыйзам чегинде жазалап, сот жообуна тартыш керек. Эгер мындай обьективдүүлүк болбосо, Атамбаевге каргыш гана тилөөдөн башка аргабыз калбагандыгы анык. Адилеттүү бийлик карапайым элдин үнүн угат деген тилектебиз. Атамбаевдыкындай арам иштерге барбайт деген ишеничтебиз.

Сөзүмдүн аягында, "Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" сизден адилеттүүлүктү гана күтөбүз.

"Теңир Тоо ынтымак" коомдук бирикмесинин жаштар төрагасы, маркум Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83