www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Текебаевге ырайым берилбейт

Жазгүл Урманбетова 10-январь 2019, 17:28

Саясат


Өмүрбек Текебаевге ырайым берилбейт

Президент аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Ал мындай чечимди Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүрдү.

25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.

Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон. Айрым юристтер болсо "Текебаев ырайым сурап президентке өзү кайрылышы керек" деген пикирин айтышкан. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83