www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчиcи кызматына сунушталды

Жазгүл Урманбетова 10-январь 2019, 17:39

Саясат


Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчиcи кызматына сунушталды

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчи кызматына көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты.

Мындан ары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Жекшенкуловдун талапкерлигин аталган кызматка карайт.

Жекшенкулов өзү бул маселе боюнча комментарий берген жок.

"Баардыгы экинчи күнү билинет, азырынча эч нерсе айта албайм", — деди ал.

Эске салсак, Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп иштеген. Ал эми 2005-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигин башкарган.

Жекшенкулов коомчулук арасында кадыр-баркка ээ. Ал өткөн жылы өзүнүн ата-энесинин (Кочкордогу) үйүн жетим балдарга берген.

Булак: NazarNews.kg 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83