www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевдин уулун сабап кетишти...

Жазгүл Урманбетова 10-январь 2019, 19:10

Саясат


ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевдин уулун сабап кетишти...

"Түндүк" Бажысынын мурунку башчынын орун басарын мурда бажыда иштеп кеткен кызматкери сабап салды. Ал болсо мурунку ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил экени белгилүү болду.

Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, окуя өткөн жылдын 27-декабрында Лебединовкадагы кафелеринде орун алган. Белгисиз адамдар "Түндүк" бажысынын орун басары Автандил Конгантиевге кол салган. Натыйжада Конгантиевдин кабыргасы жана бет жаагы сынган.

Кол салгандардын арасында, такталбаган маалыматтар боюнча, Ош бажысынын мурунку кызматкери бар деген божомолдор бар.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында ал Ош областынын айылдык кеңешинин депутатын мылтык менен коркуткан. Ошол окуядан кийин Э.К аттуу тургунга кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак генерал Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевге кол салгандар, Рахманберди уулу Төлөгөн, Эмил Кимсановдун аттары аталса, калган үчөө изин жашырып качып кеткен.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83