www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окуучулар жана студенттер үчүн эл аралык сынак!

Кызгалдак Жакыпова 10-январь 2019, 18:07

Саясат


Окуучулар жана студенттер үчүн эл аралык сынак!

Евразиялык патенттик уюму (ЕАПУ) мектеп окуучулары жана студенттер арасында интеллектуалдык менчик маселелерине кызыкчылыгын  арттыруу максатында “Келечекке көз караш” аталышындагы Евразия патенттик универсиадасын уюштурууда.

Универсиада 2019-жылдын 1-январынан 9-сентябрга чейин өткөрүлөт.

Эл аралык сынакка:

-10-17 жаштагы мектеп окуучулары «Жомоктон – жашоого:  таң каларлык чечимдер”;

-18-25 жашка чейинки студенттер, аспиранттар “Келечек жаштардын көзү менен: идеядан патентке чейин”  деген темада өздөрүнүн чыгармачылык иштерин, долбоорлорун сунуштай алат. 

Чыгармачылык иштер (долбоорлор) орус тилинде кагаз түрүндө катышуучунун арызы менен бирге 1-январдан 30-апрелге чейин Евразиялык патенттик уюмуна:  Россия, 109012, Москва ш., М. Черкасский  көчөсү, №2 үй дареги боюнча жөнөтүү керек.

Универсиаданын жеңүүчүсү Москва шаарындагы ЕАПУнун штаб-квартирасына жолдомо алат, ошондой эле “Келечекке багыт” аталышындагы медаль жана баалуу белектер менен сыйланат.

Мындан сырткары окуучуларды жана студенттерди 2019-жылы Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп жаткан “Интеллектуалдык менчик окуучулардын көзү менен” жана  “Жогорку класстын окуучулары үчүн  Интеллектуалдык менчик боюнча олимпиада” долбооруна катышууга чакырабыз.

Жеңүүчүлөрдү баалуу сыйлыктар күтөт!

Толук маалыматты Кыргызпатенттин (www.patent.kg), интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (fund.patent.kg) сайтынан же Түлөбердиева Д. М., эл.дарек: damira.tuloberdi@patent.kg; Акжол Доранбек уулу, эл.дарек: d.akjol@patent.kg аркылуу алсаңыздар болот.

Байланыш телефондор (0770) 98-98-08, (0770) 98-98-38

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83