www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак көйнөк кийген, назик, уялыңкы, үлбүрөк кызды көргүм келет...

Кызгалдак Жакыпова 11-январь 2019, 10:39

Коом


Ак көйнөк кийген, назик, уялыңкы, үлбүрөк кызды көргүм келет...

“Кыз кылыгы менен кымбат” деген кеп бар. Ооба, бул айтылган таасын сөз тээ илгертен бери ооздон-оозго айтылып келгенине турмуш үзү күбө.

“Кыз бала үйдө конок” деп дагы айтылат. Анткени кыз бирөөнүн бүлөөсү экени баарыбызга белгилүү эмеспи. Андыктан “кыз” деген үч тамгадан турган улуу сөзгө ар бир кыргыз кызы татыктуу болгону абзел. Кыз бала көчөдөн кылыктана басып келе жатканы эмне деген кооздук, эмне деген көркөмдүк, эмне деген сулуулук жана сөз менен айтып жеткизе албаган кандайдыр бир касиет жатканына эч ким каршы сөз айта албайт.

Ар бир чыгармачыл адамдар жаз гүлүндөй кулпунган кыз балага эмне деген гана арзуу ырларын арнабады, сүрөтчүлөр ойго келбеген сүрөттөрдү тартып, кыздын улуулугуна баа берип келгени жалганбы? Албетте кыз кылыгы менен жана өзүнө жарашыктуу уяң мүнөзү, аруулугу, кылык жоругу, тоо булагындай кулакка жагымдуу угулган шыңгыр күлкүсү, назик үнү, өрүлгөн чачы, денесин жапкан кийими,сыпаалыгы менен сөз жетпеген сыйга татыктуу болуп келгенин ким тана алат. Илгери кыздар жүктүн бурчунда ийменип сайма сайганы, үндөрүн өктөм чыгарбай сыпаа жана тартынчаак болуп, кыз каадасын сактап келгенини эмне деген бийиктик эле. Ал эми өзгөчө кайран союз тараганы биз ириде кеп кылган “кыз”деген улуу сөзгө көлөккө түшүргөн кээ бир кыздардын жоосунсуз жоруктары азыркы турмушта кездешпей койбойт.  Эмнегедир барган сайын жеңил ой  кыздардын саны арбып баратканы, албетте өкүнүч тартуулайт. 

Өткөндө Филармониянын жанындагы аялдамада бир кыз менен жаш улан кучакташып, өбүшүп турган экен, сүйүүнүн дарегине доо кетирип. Ал жерден менин көзүмө бала эмес, кыздын жоругу көзгө коомсо көрүндү. Андан дагы кыз “Мен сүйгөнүм менен турам” деген белгини, баланын ийнинен мени карап, көз карашы менен билгизгени, чынын айтканда абдан эле осол көрүндү. Мен ичимден аны багып өстүргөн ата менен энени аядым. Кайран эне кызынын бул жоругун көрсө кандай абалда калат эле. Кыздын жаман чыкканы  эненин дарегине доо кетирет эмеспи. Бүгүнкү кыз эртеңки келин, бирөөнүн бүлөөсү, балага эне.  Ошол өбүшүүнү жана кучакташууну элден жашыруун жерден жасашса, анда ал кыздын дарегине карата эч жаман сөз айтылбайт эле го. Баары бир эркекке караганда аял затынын жашоодогу жолу кууш келет. Дегеним, аял затына ичимдик ичкен, көпкөн, көчөдө кыйкырып жүргөн, балдар менен өбүшкөн, түн катып жүргөн такыр эле жарашпаган жоосун “Улуу сөздө уят жок” деп айтылгандай, биздин элдин идеалогиясына кыз баланын тастаңдап, эркек менен көчөдө өбүшүп, жытташканы такыр эле жат көрүнүш экени буга чейин эле айтылып келген, бирок эч тыянак али билине электей. Тээ илгери даанышман Калыгул олуя айткан “кыздан кылык, уулдан урмат, келинден келбет кетет” деген заман келгенине көчөдө ит мышыкча улуу сүйүүнү булгап, кучакташкандардын саны арбыганы далилдеп, улуу туткан каада салттан алыстап баратканыбыз кимди болбосун өкүндүрбөй койбойт.

Баарын эле заманга жана модага шылтап, көчөдөн өбүшкөндү кадыресе көнүмүш адатка айлантсак, анда дагы беш-он жылдын ичинде эмне деген балээ болот. Ошол эле өбүшүүнү уят көрбөгөн кыздын сиңдиси эртең эле бойго жетип, ал анда андан жаман нерсени көнүмүш адатка айлантышы турулуу иш экенин, ким тана алат. Албетте, барган сайын  өбүшүү бул мактанычка айланып бараткандай элес берет. Бир кезде биз кыз баланын колун кармап койсок бир апта кол жуубай, сүйүнүчүбүзгө сөз жетпеген учур деги качан кайтып келет болду экен? Кайсы бир акылман айткан экен “Сүйөм”-деген сөз ооздон чыккан кезден баштап ал сүйүү алсыз” деп. “Чыныгы сүйүү көз караш жана ички туюм менен гана чектелгени узакка созулат” деп дагы айтылган сөз бар. Бирок барган сайын “сүйөм”деген сөз ооз учунан айтылган деңгээлге жетип калган үчүн, өзгөчө жаштар пир туткан сүйүүнүн баркы дагы кетип баратканынан белги берет.

Оозду чоюп орусча сүйлөп, чылымды чычайтып чегип, кооз сөздөр менен сүйүүнү барктаган биздин элде качан болду эле. Качан кыз баланын көзүнчө балдар жагымсыз кулакка жат сөздөрдү айтышчу эле. Качан кыз бала абаратын көргөзгөн кийим кийчү эле. Балким ошол жеңил кийим кийген жаман адат, болгон кыздардын жана аяз затынын дарегине доо кетирип, көчөдөгү ыпластыктар күчөдүбү? - деген дагы ой пайда болбой койбойт экен.

Биз эч качан башка элди туурап кийинип, башка элди ээрчип жакшы жолго түшө албайбыз. Аял затынын баркы кеткен үчүн чын эле кулакка жагымдуу ырлар, жакшы чыгармалар жаралбай, искуство тармагы дагы ылайланып бара жатканы дагы өзүнчө бир көйгөйлүү маселе болду. Чынын айтсам мен акыркы күндөрү ак көйнөк кийген уяң мүнөз кыздын келбетин көрө элекмин. Тастаңдап,  келин же кыз экени билинбеген азыркы кыз- келиндер балким өздөрүнүн кийген кийими жана баскан турганы, жүрүм туруму  менен турмуштун таза жолуна бөгөт коюп жатышкан жокпу? Анткени аялдар коомдо негизги ролду ойноп келген эмеспи. Айтмакчы сөздү ушуну менен токтотуп, биздин суйкайган сулуу кыздарыбызга адептүүлүктү, ыймандуулукту, Ала Тоодой бийиктикти, Ысык –Көлдөй тереңдикти каалап, ар кандай жаман адаттардан алыс болууну тилеп кетели.

Бердикожо мырза

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83