www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин шайлоо штабынын материалдары боюнча тергөө иши жыйынтыкталды

Жазгүл Урманбетова 11-январь 2019, 10:44

Саясат


Президенттин шайлоо штабынын материалдары боюнча тергөө иши жыйынтыкталды

2018-жылдын 27-ноябрында Нурбек Токтакуновдун “Фейсбук” социалдык тармакка Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча билдирүүсү жарык көргөн.

Билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала тергөө иши жыйынтыкталды.

“Тергөө ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, республиканын шаардык, облустук жана райондук шайлоо штабдарынын башчылары жана кызматкерлери суралган.

Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен.

Ал келгенде Кыргыз Республикаксынын ИИМдин Тергөө кызматына түшүнүк берүү үчүн чакырылып, андан соң корутунду чечими кабыл алынат”- дейт маалыматта.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83