www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабанов жердештери болгон Рысалиев менен Момбековду каралоо пиарын неге уюштурууда?

Кызгалдак Жакыпова 11-январь 2019, 11:53

Саясат


Бабанов жердештери болгон Рысалиев менен Момбековду каралоо пиарын неге уюштурууда?

"Ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ооруканада дарыланууда. Ал ошентип дарыланып жаткан маалда чет мамлекеттердин биринде жүргөн Өмүрбек Бабанов жана анын жөкөрлөрү Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоевдер Рыскелди Момбеков менен Зарылбек Рысалиев экөөнө каршы «бомба» материалдарды даярдатып жатышканын эшиттик. 

Жанагы Ак үйдүн сыртында басып баратып Зарылбек мырзанын түкүргөнүн тартып алган видеону да ушул үч жердеши уюштурган экен. Анан дагы аны «тээ милиция кезинде эле коррупционер болчу» деген маанайдагы материалдардын сериясы менен коомчулукка жаман көрсөтүү аракетин жасаганы турушканын да уктук. 
Ал эми Момбековду «диплому менен көтөрүп чабабыз» дегендей аракет жасап атышат дешет. Анан дагы анын 2010-жылдан кийин ээлик кылган мүлктөрүнүн тизмесин иликтеп атышыптыр. 

Айтор, таластык тыңчыкмалардын ич ара кармашы башталган сыяктуу. Кандай «бомбалар» жарыларын эми байкап турабыз да"- деп жазып чыкты "Фейсбуктагы" "Инсайдер Кыргызстан" тайпасы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83