www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадр кызматындагы өзүм билемдик же “каракулжалык” Сагынбаевдин крышасы ким?

Кызгалдак Жакыпова 11-январь 2019, 12:04

Саясат


Кадр кызматындагы өзүм билемдик же “каракулжалык” Сагынбаевдин крышасы ким?

Редакциябызга президенттин алдындагы кадр кызматындагы мүчүлүштүктөр, өзүм билемдиктер, трайбализм орун алып жатат деген коңгуроо кагып,  7-апрель батыры Кайып Шери  буларды айтып берди.

"Мен былтыр президенттин алдындагы кадр кызматынын жетекчилиги тарабынан кадр тандоо конкурстарын өткөргөндө өтө чоң мыйзам бузуулар болуп жаткандыгы жөнүндө айтып чыккам. Конкурстук комиссиянын төрагасы Б. Сагынбаев мыйзам бузуу менен 3 жыл стажы жетпеген Э.Акматалиевди сүйрөп чыгып, бөлүм башчылык кызматка бекитип коюшканын маалымдагам. Бул чуудан кийин, абал өзгөрөт деп убада беришкен. Бирок, жакында барып, жогурдагы чырдан кийин, абал өзгөрдү бекен деп баш баксам, баары ошол эле бойдон калганын көрүп, таң калдым.

Баягы чырга себепкер Э. Акматалиев азыркы учурда да бөлүм башчылык кызматта олтурат экен. Кадр кызматы Президенттин алдындагы орган болгондон кийин мындай одоно мыйзам бузуулар орун алганы чыны менен уят иш. Баамдасам, булар ийрисин түздөмөк турсун, абал мындан да татаалдашып кетиптир. Көрсө, кептин баары бул жерде көп жылдан бери статс катчы болуп отурган Б.Сагынбаевдин “өзүм билемдик” ишмердүүлүгүндө экен. Ал башта Бакиевге, Мадумаровго ыктап Сузактык, Куршабдык, андан кийин Алешка –Атамбаевге ыктап Маскөөлүк болуп жүрсө, эми бүгүн С.Жээнбековго ыктап «Каракулжалык» болуп алыптыр.

Ошондон улам мурдагыдай эле өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жаткан чагы экен. Мынча чалчактап «мен каракулжалыкмын», мени эч ким жылдыра албайт деп элге сүр көрсөткөнүндө мандем бар окшойт. Болбосо мындай эсирген неменин ишин иликтеп, эбак иштен айдаса болмок. Президент С. Жээнбеков мен өлкө башчысы болгондон бери мага тууган, жердеш болгондордун саны көбөйдү, бирок кадр саясаты так жана акыйкат жүргүзүлөт деп айтканы эсибизде. Б.Сагынбаев мына ошондой тууган, жердеш боло калып былгытмай саясатын ишке ашырып келүүдө.

Башта белгилегендей, тээ бакиев заманынан бери кадр кызматында отурган Б.Сагынбаев жалаң өзүнүн кишилерин конкурстан өткөрүп, конкурстук комиссияга бүт өз кишилерин киргизип алган. Булар Сагынбаевдин ишааратын илгиртпей түшүнүп, ал каалаган кишиге добуш берип колдоп турушат. Кадр кызматынын директору А.Мадумаров Сагынбаевдин сасык саясатын колдоп келет, анткени ал дагы өз кишилерин жайлуу орундарга коюуга кызыкдар окшобойбу. Кыязы, Кадр кызматынын жетекчилиги регионализмдин сасык саясатын жайылтуу менен алектенип жаткандай.

Алсак, акыркы 5 айдан бери статс катчы Б.Сагынбаев бир бөлүмдүн бош бөлүм башчылык кызмат ордуна 3 жолу конкурс өткөргөн. Үчөөндө тең эң көп балл алып, алдыңкы орунга Кадр кызматында көп жылдан бери эмгектенип келген Сары өзөн Чүйдүн кызы Б.Сасманова чыгат. Жетекчиликтин көздөгөн кишиси жалал-абаддык А. Кубатова үч жолу тең Б.Сасмановадан төмөн балл алып калат. Буга карабай конкурстук комиссиянын төрагасы Б. Сагынбаев жана андан көз каранды мүчөлөрү Б.Сасманованы үч жолу тең кызматка дайындоого сунуш бербей койгон. Б.Сасманова адилеттик издеп Президенттин Аппаратына кат жолдогон. Угушубузга караганда, ал катты бүгүнкү күндө Аппараттын кадрдык кызматы боюнча бөлүм башчысы басып олтурат. Бул арада Б. Сагынбаев жаңы конкурс уюштуруп, дагы бир өз кишиси, өзгөндүк үкөсүн сүрөп чыкканын эшиттик. Бул трайбализмдин нак өзү эмеспи.

Жыйынтыктап айтсак, Президенттин Аппараты мынча оюн кылбай эле, кадрларды алууда конкурс өткөрүп көз будамайлап элди убара кылбай эле кадрларды каалагандай дайындоону А. Мадумаров менен «каракулжалык» Б.Сагынбаевге өткөрүп берип койбойсунарбы? Президент С. Жээнбеков коррупциялык көрүнүштөр менен күрөштү күчөтүүнү талап кылып жатса Б.Сагынбаевдей эргулдар былгытма жол менен жеке кызыкчылыгын ишке ашырып, президенттин кадр саясатына болгон элдин ишеничин кетирип жатканы өтө осол жорук эмеспи.

Мамлекеттик кызматтарга кирем дегендер тиешелүү талаптарга жооп берип конкурстук жол менен бир канча сынактардан өтүп, анан кызматка дайындалат деп мыйзамдарга жазылганы менен Кадр кызматынын өзүндө мыйзам бузулуп жатса, башка органдарды айтып эмне кылабыз.

Мамлекеттик кызматта иштейбиз деген жарандар, айрыкча жаштар конкурска катышып, конкурстун коррупциялык жолдорун көргөндөн кийин тилектерин таш каап, нааразы болуп жаткандары жашыруун эмес. Б.Сагынбаев сыяктуулар мыйзамдарды өз кызыкчылыгына бурмалай берсе, мамлекеттик кызматтын такыр кадыры кетет. Конкурс деп өкмөттүк басылмаларга жарыя чыгарып, элди алдоонун эмне кереги бар. Андан көрө, мындан ары кадрларды Б. Сагынбаев дайындайт деп эле коюшпайбы дейт, 7-апрель баатыры  Кайып Шери.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83