www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл району: Жаңы күчүнө кирген мыйзамдардан улам, талаш-тартыштар көбөйдү

Жазгүл Урманбетова 11-январь 2019, 12:51

Коом


Ысык-Көл району: Жаңы күчүнө кирген мыйзамдардан улам, талаш-тартыштар көбөйдү

 Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын сот-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген тартип бузуулар жөнүндө, Пробация жөнүндө Кодекстерин талкуулоо болду.

Талкулоого Ысык-Көл районунун аймагындагы укук коргоо органдары, МАИ кызматкерлери, сот өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештер менен бекитилген Бузуулар жөнүндө иштерди кароо коммиссияларынын мүчөлөрү жана Бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын максаты – коомчулук арасында жаңы күчүнө кирген мыйзамдардын мааниси, максаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мамлекеттик органдарынын жогоруда аталган мыйзамдын негизинде иш алып баруулары каралып талкууга алынды.

Андан тышкары бүгүнкү күндө социалдык тармактарда болуп жаткан жаңы күчүнө кирген мыйзамдардан улам, коомчулук арасында ар кыл терс пикирлер, кайым айтышуулар, талаш-тартыштар болуп жаткандыгына байланыштуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик алдминистрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиев тарабынан жыйындын катышуучуларына жер-жерлерине барып, туура маалымат берүүгө тапшырма берилди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83