www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баары бүтүп эми маркумдарды дагы "киргиз" кылчу учур келдиби?

Кызгалдак Жакыпова 11-январь 2019, 13:17

Коом


Баары бүтүп эми маркумдарды дагы "киргиз" кылчу учур келдиби?

Өткөндө айтылуу Байтик баатырдын боз бөлтөгүндөгү мүрзөгө барып калдык. Ал жактагы кээ бир атайын маркумдарга арналып коюлган эстеликтердин бетиндеги жазууларды көрүп алып айла жок күлкү келди. Кара таш менен коюлган эстеликке маркумдун сүрөтүн чектирип жакшы койгон экен, бирок ал кишинин аты жөнүн кыргыз тилинде жазып туруп, төрт сап ырды орус тили менен жаздырыптыр.

Бул эми эмне деген обу жоктук. Жок дегенде тиги дүйнөгө кеткен адамды чала кыргыз кылбай кыргыз же орус тилинде бир беткей жазып, эстеликти булгабай эле койсо болмок деп ойлоп койдум. Ал эми кээ бир эстеликтердеги ката жазылган маркумдардын ысымдарын окуп, кайран эмгек деп баш чайкаганга туура келди.

Мусулман баласынын азан чакырып койгон ысмы болот, мисалы Жолдошбек деген, ал эми эстеликте Джолдошбек деп союздун кезинде бир чала кыргыз митиркесине “д” тамгасын кошуп жазып койгондуктан документ боюнча жазылды деп жооп бериши толук мүмкүн, бирок бул суу кечпеген шылтоо. Биз ал маркумга куран окуганда Джолоочу уулу Джолдошбекке деп арнап окубайбыз да. Сөзсүз түрдө аксент менен окуш керекпи, эстеликтеги жазууну. Бул дагы эч нерсе эмес, кээ бир жаңы киргиздер маркумга арнап койгон белгини ушунчалык чоң кылып жөн гана мактаныч үчүн койгондой элес берип, “Э” тамгасы менен башталган ысымды “Е”тамгасы менен жазып өзгөчөлөнгөндөр дагы жок эмес.

Баары бүтүп эми “маркумдарды дагы киргиз кылчу учур келдиби” деген суроого жооп берүү көп эмгекти талап кылат. Бир карасак эстеликтердеги жазуу эмес, борбор шаарыбыздагы балтыйган чоң жарнамалардагы жазылган каталарды деле көрүп ага чара колдонбой кош көңүл мамиле жасап атканыбыз жалганбы. Деги качан биздин өлкө өсүп- өнүп , башка өлкөлөрдөй жетишкен мамилекет болот болду экен? Жок дегенде өтүп кеткен маркумдарга карата болгон мамилебиз оңолсо болот эле. Балким жаңы киргиздер аз күндө куранды дагы орус тилинде окуйбуз деп чыгышпаса болду. Анткени алар үчүн эң негизги маселе жаңылык киргизип, баарын орусташтыруу керек болуп турганда ойго келбеген нерсени күтүүгө туура келип калбадыбы. Кыргыз тилинде эмес же орус тилинде толук жасылбаган моло таштагы жазууларга өтүп кеткендердин арбактары деле нааразы болуп жатса керек.

Дегеним, көп болсо беш жыл эстеп мүрзөгө барып, андан кийин унутулуп калган бейиттер көп эле кездешет. Андай боло турган болгон соң, чоң акча коротуп эстелик салган жөн гана убаракерчилик эмей эмне. Учурунда кыйратып жиберчүдөй жан үрөп, анан убакыттын өтүшү менен унутулары боло турган иш экенине бир гана мезгил күбө. Эстеликке бир эмес он купулет орусча ыр жазылсын, баары бир убакыт өзүнүн таразасын берери турган иш. Айтып олтурса акылга сыйбаган окуялар көп эле кездешет, мунун баары өздү эмес, өзгөнү сыйлагандын кесепети экенин жашырганда эмне.

Айтайын дегеним, жок дегенде тынч жаткан маркумдардын түбөлүк жайына улуттук көз караш менен мамиле жасап, кыргыз болгондон кийин ал жакка киргизче эмес, кыргызча эле мамиле жасасак дурус болот эле. Аларга орус тилинин деле зарылчылдыгы болбосо керек. Эгер ушундай көз караш менен жүрүп олтурсак беш-он жылдан кийин ал жак дагы толугу менен орусташып кетиши толук мүмкүн. Анан биздин кийинки муундар дагы эмнени ойлоп табат аны ачык айтууга албетте болбойт.

Деги эле “Көзүм көрбөсө болду көчүгүмдү бөрү жесин” дегенден алыс бололучу.

Бердикожо мырза

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83