www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 11-январь 2019, 16:31

Саясат


Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту.

«Биз сиздин атактуу „ЦСКА“ командасындагы ийгиликтүү дебютуңуз жана Россия Федерациясынын курамасына чакырылышыңыз менен сыймыктанабыз. Ошондой эле биздин мекендешибиз мындан ары да спортто чоң жеңиштерге жетет деген үмүттөбүз жана сизге ишенебиз. Ийгиликтерди каалайм!» — деп белгиледи Досалы Эсеналиев.

Ильзат Ахметов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кайда болбосун ар дайым өз Мекенин — Кыргызстанды сагынаарын жана өз өлкөсү менен сыймыктанарын баса белгиледи. Ильзат Ахметов жаңы жылдык эс алуу күндөрүн Бишкекте ата-энеси менен бирге өткөргөнүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, Ильзат Ахметов Кыргызстанда төрөлгөн. «Алга» командасынын тарбиялануучусу болгон. Андан соң россиялык «Рубин» футбол командасында ойноду. 2018-жылдын июль айынан тартып москвалык «ЦСКА» менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.

Ошондой эле Ильзат Ахметов Россиянын улуттук «Биринчи бештик» сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчулардын тобуна кирет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83