www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карт эмес, жаш бөрү сурак бергени калдыбы?

Майрамбек Каримов 11-январь 2019, 17:18

Саясат


Карт эмес, жаш бөрү сурак бергени калдыбы?

Кечээ жакында эле саясаттан башы көрүнгөн Сапар Исаковго дагы бир кылмыш иши козголуп, иши чатакка айланып турган кези.

Эх, ачкөздүк. Кыргыз эли эмес, Россиянын ажосу Путин дагы Сапардан чоң нерсени үмүт кылган эле, бирок үмүт аткарылбай, минтип болгону алты айдай убакыт өкмөт башчы боло калып, ичип –жеп жибергенине ишене албай турган эле жан. Бирок “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деп айтылгандай УКМКанын кызматкерлери жөндөн-жөн эле кылмышты моюнуна иле койбойт го?

“Карт бөрүлөр кылбаган ишти, жаш бөрү аз убакытта эле жасап салыптыр” деген дагы имиш кептер айтылып жатат. Балким Атамбаев иштен кетпей тура турган болсо, Сапар мырза бул күндү көрмөк эмес чыгар. Бул да болсо чындыктын ачыкка чыкканы эмей...

Жаштар ишке келсе кыйратып жиберет деп айткан кеп дагы жөнсүз болуп калды. Бир кезде жаштар министрлигин да ачып жиберишти эле, бирок андан эмне майнап чыкты? Азыр карт бөрүлөр эле эмес, жаш бөрүлөр дагы сурак беришсе калбырлары ачык билинет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83