www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мирлан: "Ичиме кирген жинден мени молдоке куткарды.."

Айдар Нуралиев 11-январь 2019, 17:26

Турмуш


Мирлан: "Ичиме кирген жинден мени молдоке куткарды.."

Ачкыл сууга баш оту менен берилип, өзүн кармана албай калган 30 жаштагы Мирланды жакын туугандары элден “дубасы күчтүү, кыйын” деп атын уккан чоң молдого алып барышат, албетте күч менен. Анткени андай жерге шайтанга азгырылган киши деле өзү басып барбайт. Бул эми турмушта болуп эле келген көрүнүш экенин ким тана алат.

Молдоке бети аракка күйгөн, денеси арак жыттанып, сасыгынан жанына киши тура албай калган Мирланды эшиктен алып кирип келгенде. Алгач чочуп кетип анан өзүн кармана албай келме келтирип жиберет дагы, бир саамга үнсүз олтуруп, Мирландын туугандарына буйрук бере сүйлөйт:

-Чечинткиле дагы, колу бутун таңып, алдыма жаткыргыла-дейт. Айтылган буйрук аткарылып, шымынан башка кийимин чечип, калың аркан менен Мирланды таңып молдокенин алдына жаткырышат. Молдоке бир сыйра курандын кайсы бир сүрөөсүн окуп, учурун келтирип улап Мирландын далысына камчы менен чаап, сабайт. Бирок молдоке канчалык күч менен сабаган камчынын күчүн Мирлан сезип да койбойт. Бир сааттан ашык убара болгон молдоке жасап жаткан ишин токтотуп:

-Бүгүнчө болду, эртең дагы ушул убакта алып келгиле. Шайтан мойнуна минипалып, өзүнө ээ кылбай башкарып алган турбайбы-деп, шайтанды кадимкидей көрүп тургансып айтат.

Бул күнү Мирлан эмнегедир мурунку күнгө караганда тынч уктап, бир сутка ордунан жылбай жатат. Эртеси күнү айтылган убакта дагы молдокенин үйүнө алып келишет. Молдоке бул күнү дагы мурункудай жылаңач кылып жаткырып алып, эки жолу гана камчы салганда Мирлан катуу кыйкырып жиберет:

-Болду, денем ооруп кетти – деп. Көрсө мурунку күнү шайтандын күчү менен камчынын катуу уусун сезбептир. Качан гана шайтан денеден бөлүнүп чыгып кеткенде гана денеси ооруп, камчынын күчүн сезген экен. Ошол күндөн кийин Мирлан ачкыл сууну оозуна албай, азгырыктан кутулуп, өзүн жеңил сезип калыптыр. Айткандай чыныгы таза молдокелер гана касиетке ээ жана дубалары күчтүү. Ал эми өзүн молдо сезген кээ бир билермандарда андай касиет жок.

Укканын жазган Бердикожо мырза

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83