www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев Индияда беш жылдыздуу мейманканасын кайсыл каражатка курган?

Кызгалдак Жакыпова 11-январь 2019, 17:48

Саясат


Атамбаев Индияда беш жылдыздуу мейманканасын кайсыл каражатка курган?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкө башында турган кезинде деле Индиянын Гоа курорттук зонасына «кыска мөөнөттөгү эс алууга чыкты» деп эле ат тезегин кургатпай кете берчү экенин билебиз. Бийликтен кеткенден кийин деле ошол эле Гоага каттап жүрөт. 11-январда да ошол жакка 10 күндүк эс алууга бара турган болуп атып, казак олигархы Булат жеке самолетун берүүдөн баш тартып койгонунан улам барбай калды. Мындан улам коомчулукта “Атамбаевдин Гоада кандай кызыкчылыгы бар?” деген суроо жаралган. Бул тууралуу Фейсбуктагы "Инсайдер Кыргызстан" тайпасы жазып чыкты.

Көрсө, ал жакта АШАнын 5 жылдыздуу отели бар экен. Аны ал президент кезинде курдуртуптур. Ошону курдуртуп алгандан кийин эле “эс алып келет элем” деп Индияга каттап калган экен. Эми сурообуз бар, ошол 5 жылдыздуу отелди ал кайдан тапкан акчасына курдуртту эле? Өзүнүн убагында ишке ашырган ири долбоорлордо жойлоп кеткен коррупциялык схемалардан табылган акчага эмеспи?,- деп кошумчалаган "Инсайдер Кыргызстан" тайпасы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83