www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайда барсам, кимдин колун кармасам же Ташиев транска түшүп жатабы?

Айдар Нуралиев 12-январь 2019, 13:31

Саясат


Кайда барсам, кимдин колун кармасам же Ташиев транска түшүп жатабы?

Учурда өз позициясын чыңдай албай жаткан Камчыбек Ташиев деген патриот акебиз бар. Саясатчы досторуна алданып эле калган жайы болбосо, бапыраңдап балп этмей мүнөзү менен өзгөчөлөнүп турат. Иштерман эле жигиттердин бири өзү. Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун этегин кармап жүргөнү менен, эч бир кызматка илээшпеди.

Кечээ жакында, Текебаевди 60 жашка толушу менен куттуктап барып, мамлекетти түрмөгө кирип чыккандар гана башкарганда оңолорун чыдабай чын ниетинен айтып жиберди. Учурда жөн жатпай Фейсбуук социалдык баракчасы аркылуу өз пикирин анда-санда билдирип турат. Кечээ бул сүрөттү чыгарды. Мындан улам коомчулукта, «Ташиев транска түшүп жатабы?

Ташиевдин ойлору тоолордобу же койлордобу?»  деген тамашалуу пикирлер жамгырдай жаады. Эмнеси болсо да Камчы акебиз аман болсун. Экс-президент Атамбаевге да ою түз экенин, ыңгайы келсе жолугуп сүйлөшчү сөздөрү бар экенин тар чөйрөдө билдириптир. Кайсыл тарапка ооп кетсем деген ойдо турган Камчыкенин кадамдары жазга жуук ачыкка чыкса керек…

Булак: "Ачык саясат"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83