www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Шумкар" 2018-жылды жыйынтыктап кеңешме өткөрдү

Майрамбек Каримов 12-январь 2019, 13:37

Коом


"Шумкар" 2018-жылды жыйынтыктап кеңешме өткөрдү

2019-жылдын 11-январында ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Алмазбек Орозалиевдин катышуусунда «Шумкар» атайын багыттагы полкунда 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө кызмат башчылары жана бөлүктөрүнүн командирлеринин отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат беришти. Полктун командири милициянын полковниги А.Султаналиев кызмат башчыларынын жана бөлүк командирлери тарабынан кетилген бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюуну табыштады.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев 2019-жылдын 1-январында киргизилген жаңы кодекстерди окуп үйрөнүүгө жана күнүмдүк кызматта колдонууга даяр болуусун ошондой эле кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап кесиптик жөндөмдөрүн 
үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды.

Жыйынтыгында өздүк курамдын негизги багыттын күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоого; жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө баардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонуу керектиги баса белгиленди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83