www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салайдин Айдаровду чукуса байлыгы Нурбек Айбашевдикинен эки эсеге ашып түшөрүнө күмөн жок

Майрамбек Каримов 12-январь 2019, 18:01

Саясат


Салайдин Айдаровду чукуса байлыгы Нурбек Айбашевдикинен эки эсеге ашып түшөрүнө күмөн жок

Салайдин Айдаров деген капчыгы калың «ноен» бар. Төрт жылдан бери Жогорку Кеңештин төрүндө элдин өкүлү катары отурганы менен бир дагы ирет элдин көйгөйүн көтөрүп, трибунадан оозун былкылдаткан жок. Биздин билишибизче кимдир бирөөнү кабыл алып, эл менен дагы жолугушпады. Мандатты жеке өзүнүн гана кызыкчылыгына пайдаланып, жыргал жашоосун камсыздап келе жатат десек жаңылышпайбыз. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегени менен чириген байлардын катарын толуктаганы жашыруун эмес.

Албетте, айлыгы аз мамкызматта иштеп жүрүп мынча байлыкты кайдан топтоду деген чыркыраган суроо жаралат. Жообу даяр, баягы эле бажы тармагын «кемиргендерден». 1994-жылдан бери акчанын чордонунда «кайнап», майлуу-сүттүү жерлерде иштеди. Бакиевдин учурунда бажы тармагын эки жыл башкарды. Асыресе бул тармактан байлык топтогон чиновниктерге тузак коюлуп, бир нечеси кармалды. Эгер «Мыйзамсыз баюу» бсренеси менен Салайдин Айдаровду чукуса мунун байлыгы баягы Нурбек Айбшевдикинен эки эсеге ашып түшөрүнө күмөн жок. Өзүнө собол салып көрөлү, балким жооп берет чыгаар…

—Салайдин мырза, өмүр бою мамкызматта жүргөнсүз, байлыкка кантип жеттиңиз? Эгер бизнес кылсаңыз чекесин чыгарбайсызбы? Таза иштеген болсоңуз, эмне үчүн журналисттерден жаа бою качасыз, түз суроолорго жооп бере албай жүргөнүңүздүн сыры эмнеде? Эл өкүлү катары эмне үчүн көйгөй көтөрбөйсүз? Бүгүнкү күнгө чейин канча мыйзам жаздыңыз? Жок дегенде бир шайлоочуну кабыл алып, эл өкүлү катары алардын пикирин укканга жарадыңызбы?

Памир Манас

Булак: "Де-Факто"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83