www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Равшан Жээнбеков, саясатчы: «Эки президенттин тиреши тарыхта калчу саясий конфликт болот»

Майрамбек Каримов 14-январь 2019, 19:18

Саясат


Равшан Жээнбеков, саясатчы: «Эки президенттин тиреши тарыхта калчу саясий конфликт болот»

NazarNews.kg маалымат агенттиги саясатчы Равшан Жээнбековго Атамбаев менен Жээнбековдун күндөн-күнгө курчуп бараткан тирешин эмне токтотушу мүмкүн деген суроо узаттык.

-Бул конфликт токтобойт. Бул тарыхта калчу саясий конфликт болот. Саясий күчтөрдүн, медианын токтотууга аракет кылуусунун деле зарылчылыгы жок. Бул саясат. Мурдагы президент менен азыркы президент каалап-каалабай, билип-билбей өлкөдө саясий атаандаштык, бийлик-оппозиция, ачыктык, бири бирин контрол баалуулуктарын жаратышууда.

Бул жалпысынан өлкө үчүн жакшы көрүнүш. Негизи, эми, эки тарап тең, компромат, таарынычтардан өйдө көтөрүлүп, өлкөнүн келечеги, экономика, жумушсуздук, тышкы саясат сыяктуу конструктивдүү талаш-тартыштарга, идеяларга дагы өтүшү керек.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83