www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТОРЕПОРТАЖ: Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 15-январь 2019, 16:29

Саясат


ФОТОРЕПОРТАЖ: Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда 2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташыгыч самолеттун кыйрашынын кесепетинен өз жакындарынан айрылып калган балдар менен жолугушту.
Мамлекет башчысы дагы бир жолу балдарга көңүл айтып, бул күн өлкөбүз заматтын ортосунда көптөгөн жарандарынан ажырап калган эң кайгылуу күн катары кыргызстандыктардын эсинде калганын белгиледи.

«Бул күн Кыргызстандын тарыхында өтө оор, кайгылуу күн катары калды. Биз мекендештерибизден, күнөөсүз балдарыбыздан ажырап калдык. Кыргызстан элинин атынан жана өз атымдан дагы бир жолу силерге көңүл айтам. Өз жакындарын жоготкон балдарыбыз аман-эсенчиликте узак жана бактылуу өмүр сүрүшсүн», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Балдар менен жолугушууга чогуу келишкен курман болгондордун жакындары балдарга ар дайым көңүл буруп, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн Президентке ыраазычылык билдиришип, алар бардык зарыл жардамды жана колдоону өз убагында алып жаткандыгын белгилешти.

Жолугушуунун аягында Мамлекет башчысы балдарга Чынгыз Айтматовдун чыгармалары басылган китептерди белекке берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушууга бүгүн жакындарын жоготкон балдар — Шералиев Жакшылык, Абакиров Султан, Райымкулова Элайым, Нурлан уулу Мирлан, Шаршенбеков Эрлан жана Карыпбаева Сайкал жакын туугандарынын коштоосунда келишти.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83