www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун Конвенциясынын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет

Майрамбек Каримов 16-январь 2019, 08:16

Саясат


БУУнун Конвенциясынын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция Башкы Ассамблеянын 2006-жылдын 13-декабрындагы 61/106 резолюциясы менен кабыл алынып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Ошону менен бирге, бир эле мезгилде Конвенцияга карата Факультативдик протокол да кабыл алынган. Анын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле аларга тиешелүү аброюн сыйлоого артыкчылык берүү менен камтылган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлүнүн айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миң адамды түзгөн же Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет, анын ичинен иш-чараларга – 1 млрд 575 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5 млрд 72 млн сом керектелет.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 181 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын басымдуу бөлүгү эрезеге жетелек балдар болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83