www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары дресс-код сактабаган бөлүм башчыны жыйындан "кууп" чыгышты

Жазгүл Урманбетова 16-январь 2019, 17:36

Саясат


Жогорку Кеңештин депутаттары дресс-код сактабаган бөлүм башчыны жыйындан "кууп" чыгышты

Депутаттар бүгүнкү жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы баштапкы профессионалдык агенттигинин финансы жана бухгалтердик эсеп бөлүм башчысы Талантбек Тынысовду анын үстүңкү кийип келген кийими үчүн Жогорку Кеңештин жыйынынан кууп чыгышты.

Буга себеп болуп бөлүм башчынын жыйынга футболкачан, галстугу жана ак көйнөгү жок келгени болгон.

Устав боюнча мындай жерге чакырылгандар тийиштүү кийим кийип келүүсү тийиш.

 "Сиз эмне парламентке эс алуу жайынан келдиңизби? Эмнеге Жогорку Кеңешке футболкачан келесиз?"- деп нааразы болгон депутаттарга ал мындай жайга ал эртең менен эле билгенин жана аргасыз келе турганын билдирген.

«Бул сизге базар эмес! Эмне үчүн чакырылгандардын кийимин эч ким көзөмөлдөбөйт? Аппарат кызматкерлери, силер эмнени карап жаттыңар? Сиз болсо жыйындан кете берсеңиз болот, анысы деле каттоодо жоксуз», - деди вице-спикер Мирлан Бакиров. Мындай сөздү уккан Тынысов шашкан бойдон Жогорку Кенештен кетүүгө аргасыз болду.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83