www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кулак кагыш кылсак болобу?

Майрамбек Каримов 17-январь 2019, 09:38

Саясат


Кулак кагыш кылсак болобу?

Байлардын мурдун балта кеспейт

Жашообузда өзгөрүү болдубу? Жок. Баягыл эле Шодокондун бүркүтүндөй жулунгандардын доору сүрүп жатат. Эч кандай карапайым элге жеңилдик берилбеди. Тескерисинче айыккыс оорунун азабына кабылып “кайыр” сурагандар арбыды. Кара нанга зар болгондордун турмушуна кызыккандар болбоду. Ал эми байлыгына чиренгендер болсо баштагыдай эле казы-картага тайгаланып, зор тойлорду өткөрүү менен алек. Кыраан-каткырыкты ого бетер жандантып, крутой ресторандарда кайкалашат тимеле элдин керегине жарагансып.

Калтасында алтын сөлкөбайы толтура болгондуктан айрым көпөстөр чет жактарга бизнесин оодарып байуунун амалында жүрүшөт. Ошол эрдигине мактанса жанына ит да туралбай кыңшылап жиберет. Эми көпкөндөрдүн желин бираз чыгарууга өкмөт жараса абал башка нукка бурулмак. Тилекке каршы мыйзамсыз жол менен чогулткан каражатына бетин табактай кылып алган байлар эч кимди тоотпой калбадыбы? Анткени аларды колго чабууга чакырылган күч түзүмдөрүнүн лөктөрү акчанын жытына азгырылып кетип миллиондор казынага түшпөй калып жатканы өкүнүчтүү. Канча какшап айтсак да жогору жактагылар биздин сунушубузду көрмөксөн болушууда. Эмне үчүн байларга атайын эсеп ачпай коюшту? Анткени ортодо кызыкчылык бар. Эгерде колу майланышкан көпөстөргө эсеп ачылса толгон-токой проблемаларды чечүүгө шарт түзүлмөк.

Шибегени жамбашка тийгизер замат А. Жапаров, К. Жумалиев, К. Жолдошбаев, Р. Шин, И. Пирматов, А. Арапбаев, А. Салымбеков, А. Маматов жана башкалар тызылдап чуркап келип биринчилерден болуп эсепке акчасын чегермек. Гектарлап жерди арзанга сатып алгандар, казинолордун, тойканалардын, сауналардын, СТОлордун, пансионаттардын ээлери салыкты толук төлөбөй жигердүү жашап жатышат. Д. Зилалиевге окшогондордун акчасын зарыл маселелерди чечүүгө жумшаса болот эле го? Мындайлардын тукуму соолуган жок, дале болсо салабаттуу эл ичинде басып жүргөн кези. Мындан сырткары камалгандардын ылайыктууларын “кузгундарга” жем кылбай күрөө каражатын салдырып үй камагына чыгаруу практикасын деги качан ийге келтиришет? Көздөн чаар чымын учуп турганда ошол акчаларды мамлекеттин керегине жаратууга мезгил келди. Ушундай орчундуу маселелерди чечпеген ак жакалууларды критке кетирүү кажет. Бирдемке десе эле каражат жетишпейт деген кепти агытпоо үчүн жогоруда айтылган сунуштарга маани берилиши талапка ылайык. Бечелдиктен кутулуунун айкын жолдорун иликтесе сөзсүз табылат. Болгону башты иштетип, маселени оң тарапка келтирүүгө батыл киришүү зарыл. Оболу, байларга эсеп ачууну жандыруу кажет. Ошондо гана иш алдыга карай зымырайт.

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83